Карта сайта


Новости

— 26.04.2017 күнү КЭАУнин студенттери жана орто мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тилинде жана башка тилдерде командалар аралык мелдеши өттү
26.04.2017 күнү КЭАУнин студенттери жана орто мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тилинде жана башка тилдерде командалар аралык мелдеши өттү
КЭАУнин студенттери жана орто мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тилинде жана башка тилдерде командалар аралык мелдеши боюнча
ОТЧЁТ

1.  КЭАУда төмөнкүдөй усулдук иштеп чыгарылды.

Калыс тобу бир канча ар түрдүү, бирок ошол эле тааталдыгы болгон чиймени жасайт. Командалардын биринчи мүчөлөрү жана экинчи мүчөлөрү эки (коңшулаш) бөлмөгө отургузулат, ар бир катышуучуга чийме берилет. 20 мүнөт жүргөндөн кийин чиймелер алынып коёт, жазылган тексттер башка бөлмөгө берилет.   

Катышуучусуна эскертмелердин мазмуну: (1-кадам) «Сизге берилген чиймени (ошол эле өлчөмүндө) сызуу үчүн аны сөздөр менен гана 20 мүнөт жүргөндө баяндап жазыңыз. (Кандайдыр бир чийме, санарип, тамгалардан башка белги, жалгыз тамга, башка тилдерден сөздөрдү колдонууга болбойт)». (2-кадам) «(Командалашыңыздан калыс тобу аркылуу) сизге берилген баракта текстинин астында жазылган чиймени 20 мүнөт жүргөндө сызыңыз».

Калыс тобу тексттерде айтылган тыюу салынгандын жоктугун текшерип, пайда болгон чиймелерди баштапкы чиймелер менен салыштырып, мелдештин жеңүүчү командаларды аныктайт.

2. Мелдеш, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улут-тук комиссиянын жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын ма-кулдашуусу менен, 26-апрелде,  саат 13.00-15.00те (студенттер үчүн) жана 15.00-17.00де (мектеп окуучулары үчүн) өткөрүлдү.

3. КЭАУнун студенттеринин 31 командасы (62 киши) катышты. Алар кыргызча, орусча, англисче, немисче, арабча, французча, түркчө жазды.

4. № 5 УКГдан, № 68 ШТУВКдан, КЭАУ караштуу ПКдан, № 67 ОТКдан, Орок ОМунан 17 команда (34 киши) катышты. Алар кыргызча жана  орусча жазды.

5. Эң көп упайга ээлер:

Кыргыз тили номинациясы боюнча


КЭАУ студенттери Нурбекова Кызсайкал менен Бактыбек уулу Чыңгыз

№ 5 УКГ окуучулары Байышбекова Акмарал менен Молодошев Самаган

№ 68 ОТК окуучулары Тыныбекова Айдана менен Токоев Самат

№ 5 УКГ окуучулары  Шайлообекова Бачайы менен Аскарова Айжан

Орус тили номинациясы боюнча


КЭАУ студенттери Сейдалиева Айбахмал менен Жоомартов Азиз

КЭАУ студенттери Абдырахманова Айдина менен Калыкбаев Элбрус
Англис тили номинациясы боюнча

КЭАУ студенттери Мамытова Алина менен Талайбеков Камчыбек.

  
Панков П.С., КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, калыстар тобунун төрагасы Шаршеналиева Т.Т.,  калыстар тобунун катчысы

                

Фотоотчет






 
Закрыть
 
Закрыть
 
Закрыть
Ваше имя: *
Электронный адрес:
Телефон:
Сообщение: *

Спасибо, что обратилиь к нам

Мы скоро свяжемся с вами.