Карта сайта


Новости

— «Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаттары эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү
«Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаттары эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү
Бүгүн, 19-декабрда “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаттары Джаныбек Бакчиев жана Акылбек Жапаров Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө жаштар күч органдарын реформалоо, коррупция менен күрөшүү, миграция, экономиканы өнүктүрүү боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, аларга жооп алышты.

Дж.Бакчиев жана А.Жапаров Жогорку Кеӊештин иши менен таанышууга келген студенттерге кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришип, бир нече тил билүү жана сапаттуу билим алуу учурдун талабы экенин айтышты.

Жолугушуудан соң парламенттин жалпы жыйынын жакындан көрүп, Жогорку Кеңешке саякат жасаган студенттер мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

 
 






 
Закрыть
 
Закрыть
 
Закрыть
 
Закрыть
Ваше имя: *
Электронный адрес:
Телефон:
Сообщение: *

Спасибо, что обратилиь к нам

Мы скоро свяжемся с вами.