Карта сайта


Новости

— «Сармерден» сынагы
«Сармерден» сынагы
2018-жылдын 19-март күнү Кыргызстан Эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасынын окутуучулары Кожобекова Гүлбүбү, Зулпуева Сырга тарабынан «Сармерден» сынагы  өткөрулдү, сынакка 1-курстун лингвистика,  Аймак таануу, Философия тайпаларынын кыздары, НИТ,СР, МО тайпаларынын балдары студенттери активдүү  катышып, төмөнкү талаптар боюнча өнөрлөрүн көсөтүштү.

1.     Обондуу ырлар
2.     Бий
3.     Манас айтуу
4.     Акыйнек айтышуу
5.     Жаңылмач айтуу
6.     Макал айтуу
7.     Күү чертүү
8.     Табышмак
9.     Интермедия
10.   Викториналык суроолор
11.   Чака чапмай

      Сынактын аягында жалпы жыйынтык чыгарылып,  272:276  эсебинде кыздар жеңишке жетишишти. «Сармерден» сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү, активдүү катышкан студенттерге мактоо баракчалары берилди.

1)  20-март күнү «Кыргыз жана орус тилдер» кафедрасынын окутуучулар жамааты тарабынан сүмөлөк кайнатылды.  Сүмөлөк кайнатуу аземин кыргыз тили улук окутуучусу Рысбаева С.С. жетектеп, мындан сырткары майрамдын урматына концерттик программалар аткарылды.

2) Ар бир тайпалардын арасында майрамдык ярмарка уюштурулуп, сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Майрамга карата кыргыз үй тигилип, университеттин Профессордук-окутуучулук жамааты киргизилип, улуттук кыргыз тама-аштарынан даам сызышты.
Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду.











Көбүрөөк сүрөттөрдү көрүш үчүн ссылка боюнча өткүлө >> Сүрөттөр






 
Закрыть
 
Закрыть
 
Закрыть
Ваше имя: *
Электронный адрес:
Телефон:
Сообщение: *

Спасибо, что обратилиь к нам

Мы скоро свяжемся с вами.